• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улукбек Ормонов: 600 млн сомду эл аралык уюмдарга төлөйт экенбиз

21 Жетинин айы 2018 12:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.11.2018.Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Ормонов Кыргызстан мүчө болгон өлкөлөрдөгү үлүшүн карап чыгууну сунуштады.

«Мен экинчи окуу учурунда сууроо берип, бирок ал суроомо жооп алган эмесмин.Эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү Индиядан, Пакистандан,Тажикстандан көп деп. Ошол суроону комитетте карадыңыздарбы?»,-деп суроо берди.

Бул суроого каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жооп берди.

«Индия менен Пакистан өлкөлөрү ушул уюмга кирип жатканда квоттук кызмат деген болот. Мисалы,КРнын квоттук кызматы 6 бирдик болсо,бул өлкөлөрдүкү төрттөн. Ошого байланыштуу пайыздык чендери төмөнүрөөк болуп калган»,-деди.

«Ошондо биздин эконмикабыз Индиядан,Пакистандан күчтүү болуп, биз көп киши кармашыбыз керек болобу ошондо? Индияда миллиард эл жашайт. Эконмикасы кандай,аларга ШОС бизге караганда көбүрөөк керек. Бул эмне деген мамиле»,-деп кайра суроо узатты депутат.

«Өлкөлөр ушул уюмга кирип жатканда сүйлөшүүлөрдүн негизинде аныкталган. Бул биз тараптан коюлган жок. Буга чейин биздин көрсөткүч 10 % болгон. Бул өлкөлөр ал жакка киргенге чейин. Булар киргенден кийин 8,8% чейин тушүп кетти»,-деген жооп алды  Ормонов.

Ал кайсы мамлекетке биз мүчө болсок ошол мүчөлүгүбүздөгү үлүштөрдү карап чыгууну сунуш кылды. Мындан сырткары ал 600 млн сомду эл аралык уюмдарга төлөп жатканыбызды айтып,  Кыргызстандын келечегин карабай, ойлобой эле кол коюп жаткандардын  үстүнөн карап, көзөмөлдү күчөтүүнү айтып өттү..

Количество просмотров: 22