• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ормонов: Президенттик башкаруунун артыкчылыгы менен кемчилигин айтуу али эрте

27 Чын куран 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан жаңы Баш мыйзам менен жашап жатканына быйыл 5-майда туура 1 жыл толот. Өлкө ошентип, 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин кайрадан президенттик башкарууга кайткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов президенттик башкаруунун артыкчылыгы менен кемчилигин айтуу али эрте деп эсептейт.

«Президенттик башкарууга өткөнүбүзгө быйыл 1 жыл толот. 5-майда жаңы Баш мыйзамга кол коюлуп, күчүнө кирген. Бир жылдын ичинде кандай артыкчылыктар менен кемчиликтер болгонун айтуу кыйын. Деген менен өзгөчөлүктөрү бар. Жаңы парламент шайлангандан кийин дароо көзгө көрүнгөнү мурда Жогорку Кеңеш өкмөттү түзсө, азыр макулдук гана берет. Президент аткаруу бийлигине өзү жооп берет. 2022-жылдын бюджетин кабыл алганда өкмөт көлөмдүү пландарды кабыл алды. Анын баштапкы жемиштерин көрүп жатабыз. Быйылкы жылы мурункуга салыштырмалуу айыл чарба жана курулушка көп сумма берилип жатат. Бул президент менен министрлер кабинетинин тыгыз иштешүүсү жана жоопкерчилик бир кишиде болгон учурдагы алгачкы кадамдары десек болот. Ал эми негизги жыйынтыктар 2-3 жыл аралыгында билинет»,-дейт Ормонов.

Количество просмотров: 81