• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ормонов: Орусияга болгон сапарда миграция маселеси боюнча кызматташтыкка өзгөчө басым жасалды

24 Бирдин айы 2022 16:41 Бишкек Govori.TV

Орусияга болгон сапарда миграция маселеси боюнча кызматташтыкка өзгөчө басым жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр максатына жетет.

«Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Федералдык жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Анда Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле Бишкек менен Ош шаарында миграциялык борбор ачуу сүйлөшүлдү. «Кара тизме»  боюнча дагы кеп козголду. Жогорудагы маселелер боюнча Орусия өлкөсүнүн депутаттарынын колдоосун таптык»,-деди Ормонов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-22-февраль күндөрү Орусияга расмий иш сапары менен барып келди.

Расмий делегациянын курамы:

— Талант Мамытов — делегация башчысы;

— Улукбек Ормонов,

— Адахан Мадумаров,

— Нуржигит Кадырбеков,

— Шарапаткан Мажитова,

— Чыңгыз Айдарбеков,

— Мирлан Самыйкожо,

— Эльдар Сулайманов

Количество просмотров: 148