• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен COVID-19 табылды

23 Кулжа 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Улуттук банкта коронавирус жуктурган үчүнчү учур. Учурда ал кызматкер дарыланууда жана оору жеңил түрдө өтүүдө. Илдет жуктурган кызматкер менен байланышта болгондордон ПЧР тестти алынып, алар үй карантинине киргизилген.

«Эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Улуттук банк 23-июндан тарта кызматкерлеринин бир бөлүгүн үйдөн иштөөгө бошотууда. Ошол эле учурда банк штаттык режимде ишин улантат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, өлкодө илдетти жуктургандар 3356га жетти.

Количество просмотров: 68