• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Умар Мажитов, сүрөтчү: Алия Шагиеванын сүрөттөрүн сүңгүп көргөн эмесмин

3 Бештин айы 2018 15:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.12.2018.Govori.TV
Умарбек Мажитов чач менен сүрөт тартып, жакында эле эмгегин элге тартуулап Бишкектеги ири соода борборлорунун биринде көргөзмө өткөрдү. Жарманкеге жаш сүрөтчүнүн бир канча эмгектери коюлган. Тартылган портреттердин өзгөчөлүгү аларга кадимки чач колдонулуп тартылып, эмгектер чач менен шөкөттөлүп кооздолгон. Бул таланттын тарткан сүрөттөрүн, көрүп таң калгандар азыркы учурда дагы болууда.
“Говори.ТВ” мультимедиалык маалымат агенттиги жаш сүрөтчүнү кепке тартып,чыгармачылыгы боюнча кеп курду.
  • Сүрөттү кантип,эмне менен тартасыз?
  • Сүрөттү тартууда менин негизги ресурсум чач болуп эсептелинет. Биринчи сүрөттөрүмдү чач менен полго тартып жүрдүм. Андан кийин холс материалына отургузуп, керип алып чач менен тарта баштадым. Кээ бир учурда өзүмө оңой болуш үчүн карандаш колдонуп калам. Бул иштин кыйынчылыгы эгер тартылып жаткан сүрөт бузулуп же каталыкка жол бере турган болсо ал жараксыз болуп калат. Аны бузуп кайра баштоого туура келет.
  • Чачты каяктан аласыз?
  • Мен шаарыбыздагы чач тарачканалардын биринде эмгектенем. Кардарларымдын кыркылган чачтарын чогултуп, аларды колдоном. Сүрөткө колдоно турганымды айтып, алардан уруксат сурайм. Макулдугун берсе колдоном. Бирок, чач табуу мен үчүн негизги көйгөй эмес. Жасалма чачтарды сатып алган учурларым дагы болот. Жасалма чачтар 150-200 сом турат. Бул чач бир эмес бир нече картинага жетет. Келечекте жасалма чачтардан түстүү сүрөттөрдү тартууну максат кылып жатам. Буйруса ал эмгектериме дагы күбө боло аласыздар.
  • Бул өнөр менен алгачкы жолу сиз алектенип жатасызбы? Балким биз билбеген сүрөтчүлөр дагы бар чыгаар?
  • Мен тарткандай эмгектерди жеке өзүм кезиктире элекмин. Билбейм, болсо болгондур.. Менин көз карашымда биринчи биз көргөзмө өткөрдүк окшойт.
  • Сүрөт жарманкесин өткөрүүнү ким сунуштап, ким демөөрчү болду?
  • Негизи бул демилгени өзүм көтөрүп чыктым. Сунушту алгачкылардан болуп Бишкек-Парк соода борбору колдоду. Мындан сырткары Батма деген маркетолог кыз, ата-эне, бир тугандарым, жакын саналаш досторум дагы колдоду. Өзү негизи сүрөт жаатында билимим жок.  Бул жагынан мага багыт берген Мээрим,Эльвира аттуу эжелер жана Тынчтык,Улукбек деген адамдар туура багыт көрсөтүп жардам берип жатышты. Бул тармакка тиешелүү кээ бир теминдерди түшүнө бербейм.
  • Сүрөтчүлүктө устатыңыз барбы?
  • Негизи сүрөтчүлүк жаатында менин устатым жок. Бирок үй-бүлөмдө ата-энелерим тарапта бул өнөрдүн учкундары бар. Атам тарапта жыгач усталар бар. Атам оймону мыкты түшүрөт. Апам тараптан дагы тайкелерим айкелдерди жасайт, кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Бала кезимден Назар деген байкемдин тарткан сүрөттөрүн көрүп, таасир алып, бул тармакка келип калдым окшойт. Сүрөтчүлүктү кесип эмес, хобби катары көрөм.
  • Сүрөтчүлүк жаатында билим алууну пландап жатсаңыз керек?
  • Ооба, бул тармакта билим алууну максат кылып жатам. Бирок, учурда  бул ойлорум чынында чындыкка айлана элек. Дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн ири академияларда окуп, терең билим алышым керек.
  • Кыргызстандын жарандары сүрөт искусствосуна кандай баа берет экен? Байкагандырсыз..
  • Жакшы баа беришти. Бирок, баарына тегиз жагуу мүмкүн эмес экенин билем.
  • Экс-президенттин кызы Алия Шагиеванын чыгармачылыгы менен таанышсызбы?
  • Жаш сүрөтчүлөрдөн Азамат Жаналиев деген агайдын чыгармачылыгын баалайм. Ал кадимки мыкты колдонуп өзгөчө картиналарды тартат. Андай сүрөт тарткан дүйнөдө 4 киши болсо, ошол төрт кишинин  бирөөсү Азамат Жаналиев экен.  Алия Шагиеванын чыгармачлыгы деле жакшы, бирок өтө тереңден сүңгүп сүрөттөрүн көрбөгөн экемин. Бирок, мен аны билим алган профессионал сүрөтчү катары баалайм.
  • Бактылуу балалыгыңызды эске салып, маекти жыйынтыктасак…
  • Балалыгым Айгүл гүлүнүн жанында өттү. Бала кезим тоонун кучагында ар кандай кызыктуу окуялар менен жадымда. Балдарга оюндарды уюшуруп бергендиктен бары мени жакшы көрүшчү.   4-класстан кийин интернат-мектепте окуп калдым.  Үйгө ата-энемдин жанына бир жумада бир барчумун. Бирок, ошол учурда менин мүнөзүм калыптанды десем болот. Анткени алардан алыстап, ата-энемди сагынып, алар менен түбөлүк бирге болбосумду түшүндүм. Эрктик сапаттарым бекемделди. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Ата-энеме чексиз ыраазымын. Мени ушул даражага жеткирип, тарбиялаганына. Алар дагы чыгармачыл адамдар болгондуктан мени дайыма колдоп келишет. Чынын айтсам ата-энеме болгон ыраазычылыгымды сөз менен айтып жеткире албайм.

   Маектешкен: Гүлшат Ысамамат кызы

Количество просмотров: 57