• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Унаасына «Z» тамгасын тартып алган айдоочу милицияга жеткирилген

22 Чын куран 202214:51 Бишкек Govori.TV

Унаасына «Z» тамгасын тартып алган айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Кайгуул милициясынан билдиргендей, 21-апрелде милицияга Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө Z белгиси бар унаа турганы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Жерине келген милиция кызматкерлери унаасынын айнегине замазка менен Z тамгасын жазып алган 1977-жылы туулган Б.В. аттуу айдоочуну аныкташкан. Айдоочу жагдайды тактоо үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 149