• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Урмат Самаев, ЖКнын депутаты “Токмокто криминал күчөп кетти…”

26 Чын куран 2018 10:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек 25.04.2018. Govori.TV

Бүгүнкү күндө Токмок шаарында ар кандай кылмыштуулук, криминал күчөп кетти. Бул тууралуу ЖКнын жалпы жыйынында депутат Урмат Самаев маселе көтөрдү.

“Азыркы учурда Токмокто адам өлтүрүү, тоноо, коңшу  мамлекеттен келген ишкерлерди коркутуу сыяктуу кылмыштар абдан көбөйүп кетти. бул боюнча укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрбөй жатат. Ошондуктан, жаңы шайланган министр Кашкар Жунушалиев бул маселени көңүл борборуна алып, көзөмөлдөшүн суранам”,-деди ал.

Ошондой эле депутат Чүй облусунда сүт алуучулар сүттүн баасын 13 сомго чейин түшүрүп салышканына Өкмөт көңүл бөлүшү керектигин, базардагыдан кыйла төмөн бааланып жатканын айтты.

 

 

 

Количество просмотров: 145