• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

23 Жетинин айы 2023 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкектеги Юнусалиев көчөсү 92, 94 дарегинде жүрүп жаткан курулуш иштерине күтүүсүз текшерүү жүргүзүп, анын негизинде курулуш көп кабаттуу имарат куруу максатында жүрүп жаткандыгын аныктаган.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниясынын өкүлдөрү объектке тиешелүү долбоордук-сметалык жана уруксат кагаздарын көрсөтүшкөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамкурулуштун кызматкерлери тарабынан курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүнө карата “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” КР мыйзамынын талаптары сакталбагандыгына байланыштуу текшерүү жөнүндө акт жана мыйзам бузгандыгы тууралуу протокол түзүлдү.

Бүгүнкү күндө уруксат кагаздары жана тийиштүү документтер толук көрсөтүлгөнгө чейин объектте бардык курулуш иштери толук токтотулду.

Мамкурулуш уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзбөөгө жана КР мыйзамдарын сактоого чакырат

Количество просмотров: 1418