• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Уюлдук оператор тарабынан уюштурулган сынактын аягы мушташ менен аяктады

14 Баш оона 201816:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018. Govori.TV
Ысык-Көлдүн жээгинде уюлдук операторлор тарабынан уюштурулган сынактын аягы мушташ менен аяктаган. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык окуя Чолпон-Атада жайгашкан “Ала-Тоо” пансионатында болгон. Өлкөнүн уюлдук операторлорунун бири конкурс өткөрүп жаткан учурда катышуучу менен уюлдук туйундун кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестиктер болуп мушташып кетишкен.
Жабырлануучу айылдык милиция бөлүмүнө алынып келинген, бирок ал арыз жазуудан баш тарткан. Ага карабастан бул көрүнүш милиция кызматкерлери тарабынан иликтөөгө алынып, күнөөкөрдүн өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 19