• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Каденованын башка кызматка дайындалышы боюнча үн катты

24 Аяк оона 2018 18:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган.
Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн «Эйр Астана» компаниясынан кабарлашкан. Каденова эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.
«Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?» деген суроого вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова .
Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованы жумуштан алуу мыйзамга ылайык болгонун айткан.
«Мындан тышкары коомчулук тарабынан нааразычылык болду, коомдук уяткаруу механизми иштеди. Бул кишиге өтө жакшы сабак болду. Канча жыл иштеп бир күндө аброюна шек келтирген окуя орун алды. Муну жетиштүү деп ойлойм. Эми кайсы бир мамлекеттик кызматка дайындалгандан мурун жетекчилер ошол окуяны эстешет, ошондуктан анын жаңы кызматка барышы күмөн», — деп билдирген Өмүрбекова.
Количество просмотров: 23