• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Видео — Мирбек Атабеков сахнага өзүн-өзү чакырды

5 Жетинин айы 2018 16:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.11.2018.Govori.TV

1.Ырчы Мирбек Атабеков сахнада алып баруучу жок учурда, өзү деле үнүн өзгөртүп алып баруучу болуп коет экен.

2.Инстаграм баракчасындагы үчүнчү миллион катталуучуну ырчы Нурлан Насип топтоду. Ал катталуучуларына миллион үчүн той бербейт. Буга чейин алгачкы миллионду ырчы Самара Каримова топтогон. Ал катталуучуларына дүркүрөтө чоң той берген. Кийинки экинчи орундагы миллион катталуучуну Анжелика чогултуп, ал миллионунчу катталган окурманга кымбат баалуу чөнтөк телефонун берүүнү убадалаган. Мындан сырткары ырчы той бергендин ордуна кайрымдуулук кылып, Сокулуктагы балдар үйүнө барып аларды сүйүнтүп келгенин айткан.

3.Гүлшайыр Садыбакасованын музыкалык аспаптарда катыра ойноп жаткан видеосу Соц.тармактарга тарады. Анын урма аспапта ойноп жатканын кызы Сайкал Садыбакасова инстаграмга жарыялады. Тасманы көрүп Кыз-Бурактын жетекчисинин талатына таң калгандар болуп жатат.

4.Анжелика жаш кезинде аткарган “Назданып” аттуу ырын эми дуэт кылып аткарып чыкты.

 

 

Количество просмотров: 22