• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Владимир Путин 5 өлкөнүн президентине өзгөчө белек берди

8 Бештин айы 2018 19:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.12.2018. Govori.TV
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларына Эл аралык космос станциясынан келген панно белек кылды. Панного кеңешке кирген өлкөлөрдүн желектери жайгаштырылган.
Интерфакс басылмасынын маалыматы боюнча, В.Путин бул Россия төрагалык кылган жыйындан эстелик белек экенин айтып, Эл аралык космос станциясына «Прогресс» кемесинин бортунда жеткирилгенин белгиледи.
«Тарыхта биринчи жолу 5 улуттук желек бирге жер орбитасына бир жылга созулган уникалдуу саякатка чыкты», — деди Путин.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму 6-декабрь күнү Санкт-Петербург шаарында өтүп, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышты.
Количество просмотров: 23