• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Үй менен кошо бир адам күйүп кетти. Шыкмаматов оор абалда ооруканага жаткырылды. Соңку жаңылыктар 27.02.18

27 Бирдин айы 2018 17:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2018.Govori.TV

Шыкмаматов оор абалда ооруканага жаткырылды

Жогорку Кеңеш депутаты, Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов оор абалда ооруканага жаткарылган. Бул тууралуу фракция катчылыгы тастыктады.Маалыматка ылайык, Алмамбет Шыкмаматов 22-февралда өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Врачтар депутатка туруктуу стенокардия диагнозун коюп, инфаркт алдындагы абал деп кабарлашкан. Депутат 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Учурда палатага которулду. Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук соту 5 миллион сом айып пул салган.

Үй менен кошо 42 жаштагы киши күйүп кетти

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында үй менен кошо 42 жаштагы киши күйүп кетти. Бул туурасында Govori.TV сайтына ӨКМнин басма сөз борборунан билдиришти.Анда «Новопокровка айылынын Шевченко көчөсүндөгү 88 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен үйдү ижарага алган киши каза болду» -дейт басма сөз борбору.Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Бишкекте Азия биринчилиги башталды

Бүгүн Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия биринчилиги башталат. Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султанбаев билдирди. Мелдешке 19 өлкөнүн спортчулары катышып, 30 топтом медал ойнотулат. Бүгүнкү кунгө чейин 19 өлкөнүн спортчулары келишти. Спорттун башка түрлөрү боюнча катышкандар өз графигине карап келип турушат. Негизи эле күрөш боюнча Азия биринчилиги Олимпиада, Дүйнө чемпионатынан кийинки эле үчүнчү чоң иш-чара болуп эсептелет. Ошондуктан муну өткөрүүнү Кыргызстанга ишенип бергендиктен толугу менен жогорку деңгээлде өткөрөбүз дейт Султанбаев. Ушуну менен күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин мындай спорттук иш-чара 2007-жылы өткөн. Мелдештер 4-мартка чейин уланат. Анда жалпысынан 300дөн ашуун спортчу күч сынашат.

 

Количество просмотров: 14