• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

28 Бирдин айы 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

Япониядагы Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнериндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталды, ал ооруканалардын биринде дарыланууда.

«Жалпысынан айтканда анын абалы канаттандыраарлык. Дене табы жогорулап, дем алууда кыйналып, жөтөлгөн жок. Бүгүнкү күндө Япониялык медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө», — деди ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, учурда коронавирустун 3 формасы бар экени аныкталган. Бул дартты жуктургандардын 80 пайызы жеңил түрү менен, 13-14 пайыздайы оор түрү менен, 6-7 пайызы өтө оор түрү менен катталган.

Количество просмотров: 721