• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ырчы Айгерим Расул кызы уулдуу болду

16 Бештин айы 2018 0:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.12.2018.Govori.TV.

Ырчы Айгерим Расул кызынын үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет эне статусун алган ырчы уулдуу болду. Бул тууралуу ырчынын апасы Катя Маматкулова айтып берди.

«Неберебиз 13-декабрда төрөлдү. Кудайга шүгүр, эне баланын ден соолугу жакшы. Төрөткананын кызматкерлери аябай жакшы карап жатышат. Неберебизге ысым ыйгаруу бул ирет бизге буюрду. Куда-кудагыйыбыз кеңешип «биринчи неберебизге биз ысым койгонбуз, эми сиздердин кезек» дешти. Таятасы элдин уулу болсун деп атын Элмырза койду», — деди ал. Айгерим Расул кызы 2015-жылы 2-июлда Ханбийке аттуу кыздуу болгон.

Теги:
Количество просмотров: 220