• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Атада мал уурдоого шектелген адам кармалды

16 Бирдин айы 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Боз-Бармак айылынын 26 жаштагы тургуну Ж.Э. Ысык-Ата РИИБге арыз менен кайрылып, 24-январга караган түнү сарайдан жылкысы уурдалганын билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБдин КЖБРна Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делип Чүй облусунун 28 жаштагы А.С. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү уурдалган жылкыны мал базарда чоң суммага сатууга жетишип, акчаны өз муктаждыктарына жумшагандыгы белгилүү болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 83