• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды

3 Баш оона 202217:43 Бишкек Govori.TV

 Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Аиша Мурдинованы издөөгө катышып жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда көлдөн адам сөөгүнүн калдыктарын тапканын жазышкан.

Белгиленгендей, 1-август күнү саат 15:00дөр чамасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабында эски балык уулоочу тор менен кошо адам сөөгүнүн калдыктары табылган.

“Аталган факт Ысык-Көл РИИБнин электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат”, — деп белгилешти облустук милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин сууга чөккөн кыздын атасы кайдыгер карабаган жарандардын бардыгын кызын издөөгө жардам берүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери жүрүп, бирок жыйынтык болбой келет.

Количество просмотров: 1836