• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ысык-Көлдө болгон жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, төртөө жабыркады

25 Бештин айы 201810:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолундагы 60-чакырымында жол кырсыгы катталды, — деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-декабрда болжол менен саат 23:45тер чамасында Чоң-Сары-Ой айылында “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, дагы 4 жүргүнчү жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Теги:
Количество просмотров: 19