• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Ысык-Көлдөгү эки адамдын өлүмү: 16 жаштагы жигит кармалды

26 Теке 2023 15:04 Бишкек Govori.TV

Этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Мындан тышкары, көлдө ушул өӊдү кырсыктарга жол бербөө, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан суу транспортторунун айдоочуларынын жана эс алуучуларынын арасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августунда №466 «Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, күчөтүлгөн профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 23-июль күнү Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну эс алуучуларды «Таблетка» аталышындагы аттракционду тартуулап жатып, өтүп бара жаткан теплоходду байкабай, аны менен кагылышкан. Кагылышуудан улам, эки эс алуучу алган жаракатынан улам райондук ооруканада көз жумган, үчүнчү эс алуучу дарылануусун улантууда.

Количество просмотров: 125