• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү «Евразия отелинин» 20 гектардан ашуун жери мамлекетке өттү

16 Үчтүн айы 202514:15 Бишкек Govori.TV

«Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Бермет» мамлекеттик пансионатынын (Азыркы “Отель Евразия» эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына жалпы аянты 20 гектардан ашык, базар баасы 729 682 000 сом болгон «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жер тилкелери өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 249