• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы: Каза болгон 7 киши бир айылдан болгон

18 Баш оона 202111:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгон 7 кишинин эң улуусу 74 жашта болсо, кичүүсү 14 жашта болгон.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан көз жумгандардын баары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынан болушкан.

Жол кырсыктан каза тапкандар:

  • 74 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 54 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 45 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 27 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 60 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 62 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 14 жаштагы өспүрүм, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну.

«MAN үлгүсүндөгү унаа ылдый түшүп келе жатканда тормозу кармабай калган. Мындан улам жолдун каршы тилкесине чыгып, жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү бус менен кагышкан. Кырсыктан жети адам көз жумган, анын бешөө ошол жерден мүрт кетсе, экөө ооруканада жан берген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 10783