• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүргөн

11 Үчтүн айы 2021 12:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түп райондук милициясынын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда Долон айылынын четинде жайгашкан кашардан күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөндүгү жөнүндө кабарланган.

Аталган билдирүү райондук милициянын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери окуяны кабарлаган адамды аныкташкан. Ал ушул эле айылдын 38 жаштагы тургуну А.Д. болуп чыкты.

Анын айтымында, 9-январь күнү болжол менен саат 8:00 чамаларында анын улуу агасы 45 жаштагы А.А. уюлдук телефон аркылуу чалып, аялын 40 жаштагы А.Гны кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп алгандыгын билдирген. Кашарга барганда, уктоочу бөлмөдө жеӊесинин сөөгүн тапкан, ал эми агасы болсо «көк таш» жана неоцидол дарыларын ичип алып, өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет көргөндөн улам милицияга кабарлаган.

Андан аркы тергөө амалдарынын жүрүшүндө жубайлар өткөн жылдын ноябрь айында уруша кеткендиктен өз ара жашап жүрүшкөн. Ушул жылдын 6-январында кайрадан элдешкендиктен, А.Г. күйөөсүнүн кашардагы үйүнө келип жашап турушкан. 9-январь күнү кызганычтан улам чыккан уруштан А.А. келинчегин муунтуп өлтүрүп, алгандан кийин өзүн да өлтүрүүгө аракет көргөн

«Учурда адам өлтүрүүгө шектелип жаткан А.А., райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткандыктан, айыккандан кийин кылмыш жасоого эмне себептер болгонун аныктоо боюнча сурак өткөрүлмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 640