• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө марихуана ташып бара жаткан жаран карамалды

3 Тогуздун айы 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран карамалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына «К» аттуу жаран Ысык-Көл жана Нарын аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

«Атайын-тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну К.К. 1978-жылы туулган жаранынын башкаруусунда «Мазда-323» автомашинасы токтотулуп, багаж бөлүмүнүн ичинде төрт баштык баңги
каражаты табылып, алынган.

Бул факт боюнча БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери 1978-жылы туулган Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну К.К. атту жаранды кармашкан.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 20 кг. 218 гр. түзгөн “марихуана” баңгизат каражаты болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 179