• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Ысык-Көлдө мыйзамсыз диний үгүт жүргүзгөн 3 чет элдик жаран кармалды

9 Теке 2024 14:39 Бишкек Govori.TV

 Ысык-Көлдө мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзгөн 3 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ысык-Көл облустук ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте «Слово божье» (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний-пропагандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Тактап айтканда, тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды.

Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Количество просмотров: 100