• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө окуучуларын мал уурулукка тарткан мугалим кармалды

10 Кулжа 2022 10:16 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жогорку класстын окуучуларын бир катар мал уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралууу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 6-июнь күнү жергиликтүү тургун Ак-Суу РИИБне кайрылып, белгисиз адамдар малын уурдоого аракет көргөндүгү жөнүндө билдирген. Арыз ээсинин айтымында, 5-июньдан 6-июньга караган түнү, болжол менен түнкү саат 03.00 чамаларында, бөтөн үндөрдөн улам, аны текшерүү үчүн, үйдүн короосуна чыккан. Ошол мезгилде, караңгыда, анын сарайынан белгисиз адамдар бир кочкорду уурдап баратканын байкаган. Үй ээси үн чыгарып кыйкырганда, уурулар уурдап бара жаткан малды ташташыпп, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Ал ошондой эле, бул биринчи окуя эмес экенин, буга чейин андан 4 баш кой уурдалганын кошумчалады.

Жабырлануучунун арызы Ак-Суу РИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеснинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3 пунктарынын (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Ак-Суу РИИБдин милициянын ыйгарым тилкелик өкүлдөрү жана кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, мал уурулука тиешестиги бар жарандардын өздүктөрү аныкталган. Алар, Отрадное айылынын тургундары, 25 жаштагы Б.Б, 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. болуп чыгышты. Шектүү болуп кармалгандар, алгачкы жүргүзүлгөн суракта, айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 25 жаштагы Б.Б. дене тарбия мугалими болуп иштеп, өзүнүн кылмыштуу максатын ишке ашыруу үчүн, кылмышка өзү иштеген мектептин жогорку класстарынын окуучуларын тартканы аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, алар уурдалган малды Түп айылындагы досуна сатып жиберишкен.

Милиция кызматкерлери уурдалган малды сатып алган адамдын да өздүгүн аныкташкан. Ал, Түп айылынын 24 жаштагы К.С. аттуу тургуну болуп чыгып, андан уурдалган 3 баш кой далил зат катары алынган. Калган 12 баш койду, Каракол шаарындагы мал базардан сатып жибергени белгилүү болгон.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 983