• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдө ур-токмоктон бир жаран каза болгон. Шектүү катары милиционерлер кармалды

18 Жетинин айы 202512:08 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде Э.Б. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, ошол эле күнү алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Милиция кылмышка шектүү төрт жаран кармалганын маалымдады.

«Алардын экөө милиция кызматкери. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми кармалгандар убактылуу кармап турган жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 110