• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан 3 адам кармалды (сүрөт)

30 Аяк оона 2022 11:55 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурунда, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын четине жакын жердеги талаадан шектүү адамдарды байкашкан. Милиция кызматкерлери жакындаганда, алар талаадан качып кетүүгө аракет көрүшкөн.

Кармалган үч жаран тең Каракол шаарынын тургундары, мурда соттолгон 33 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Ю.В. жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган 33 жаштагы А.Р. болуп чыгышты. Алардан жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган.

Кармалгандар Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алардын айтымында, жапайы кендирди даярдоо үчүн атайын айылдын четине келишкен.

Бул факт райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, алардан алынган өсүмдүк заты баңги затынын кайсы түрүнө таандык экенин аныктоо үчүн изилдөөгө жөнөтүлдү.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 1874