• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жол кырсыгы каталып, 5 киши каза болду

22 Теке 2021 10:24 Бишкек Govori.TV

21-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда Lexus жана Mitsubishi машиналары кагышып, беш киши мүрт кетип, дагы беш адам жаракат алып аймактык ооруканага жаткарылды. Чырпыкты айылында болгон кырсыкта каза болгон беш киши тең Mitsubishi автоунаасында бара жатышкан.

Маалыматка ылайык, бул жол кырсыгы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 674