• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Юрист Сыдыков ЖМК мыйзамынын 5- вариантында мурдагы сунуштар эске алынбаганына нааразы болду

16 Бугу 2023 12:54 Бишкек Govori.TV

Медиа Полиси коомдук фондунун юристи Нурбек Сыдыков жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын ордуна сунуштаган жаңы долбоорунун бешинчи варианты боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, көз карандысыз юристтер, медиа өкүлдөрү тарабынан мыйзам долбоорун талкуулоодо бир катар сунуштар берилген, бирок алар дээрлик эске алынбай бешинчи варианты сунушталууда.

«Жумушчу топтун ишмердүүлүгүнө келсек, тилекке каршы топту жасалма түрдө экиге бөлүп, бир бөлүгү экинчи бөлүгүнүн тең укуктуулугун тааныгысы келбей жаткандай сезилип жатат. Президенттик администрацияда иштеген жумушчу топтун мүчөлөрү мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын жиберип жатышат. Буга чейин документтин төртүнчү варианты боюнча берилген сунуштар бир айдан ашык каралды. Бирок алар жарым-жартылай кабыл алынып, эч кандай түшүндүрмөсү жок эле мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунушташты. Аны менен таанышууга эки гана күн убакыт берип, жумушчу топ түзүлгөн күндөн алты ай өткөндөн кийин мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулап баштоону айтышты»,-деди Сыдыков.

Сыдыков ошондой эле президенттик администрация түзүлгөн жумушчу топ иштебей жатат деген жүйө менен өз сунуштарын киргизип жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 63