• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Юрист, Таалайгүл Токтакунова: «Текебаевдин иши эл аралык соттон утаарына ишенем»

1 Жалган куран 2018 14:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.03.2018.Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова Текебаевдин иши эл аралык соттон утаарына ишене тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Жогорку Сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы «орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган» деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Бирок, соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.
Количество просмотров: 28