• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Юристтер: Жаңы Конституцияда президенттин жоопкерчилиги каралган эмес

2 Жалган куран 2021 11:33 Бишкек Govori.TV

Көз карандысыз юристтер Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыгып, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн бүгүн, 2-мартта сунуштарын беришти.

«Көз карандысыз журналисттер союзундагы» директордун орун басары Семетей Аманбеков Баш мыйзамдын долбоорундагы сөз эркиндигин коргогон жоболорго токтолду.

«Сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда «сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген берене киргизилген. Сөз эркиндигин колдогон укуктук ченемдер киргизилгени кубандырат. Ошол эле учурда карама-каршылык жараткан үч маселе бар. Конституциянын жаңы редакциясынын 23-беренесинде төмөндөгүлөр айтылат. 1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат. 2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет. Бул жогоруда айтылгандарга карама-каршы болуп жатат»,-деди Аманбеков.

Ал эми юрист Таттыбүбү Эргешбаева 2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган долбоордо ички карама-каршылыктары бар 61 өзгөртүү көрсөтүлгөнүн, бирок быйыл 9-февралдагы версиясында 80 өзгөртүү киргизилгенин билдирди.

«2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган долбоор менен 2021-жылдын 9-февралында сунушталган долбоордун салыштырмасы да бар. Мисалы, 17-ноябрда сунушталган долбоордо мыйзамдуулук жана адам укуктарына байланыштуу фундаменталдуу жагдайлар толук тебеленип калган. Ал эми 9-февралда чыгарылган долбоордо бул кемчиликтер каралыптыр. Бирок калган нормалар тескерисинче көбөйтүлүп кеткен. Ошол эле Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктары көбөйтүлүптүр, Конституциялык кеңешменин жыйынында Башкы прокурор да отурган. Ал Конституциялык кеңешменин жыйынында отуруп алып эле ыйгарым укугун көбөйтүп жатса, кийин билбейм, кандай болот. Ошол үчүн биз: «Полициялык мамлекет болбошу керек», — деп айтып жатабыз. Ал эми соттун ыйгарым укуктары жакшы эле белгилениптир, бирок ал ким аркылуу тандалат, чыгарылган чечимдерине ким аркылуу жооп берет, мунун баары түшүнүксүз. Андан тышкары, бийлик бутактарынын ортосунда тең салмак жок»,-деди Эргешбаева.

PR.kg сайтынын редактору Нурдин Дүйшөнбеков Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президентке болуп көрбөгөндөй бийлик берилгени менен ага жараша жоопкерчилиги каралбаганын сындады.

«Конституциялык реформа туура эмес багытта жүрүп жатат десең эле эмне себептен мурун айтпайсыңар? Буга чейин каякта жүрдүңөр? деген суроолорду берип жатышат. Биз Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыгып, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн сунуштарды кагаз бетине түшүрдүк. Убагында өзгөртүүнү жоопкерчиликти күчөтүү максатында киргизип жатышканын айтышкан. Ошол себептен эл президенттик башкарууга добуш беришти. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президентке болуп көрбөгөндөй бийлик берилгени менен жоопкерчилиги каралган эмес. 15 берененин ичинен бир гана беренеде жоопкерчилик каралган. Бул- импичмент. Тилекке каршы ал дагы ишке ашпай турган нерсе экен. Биз президентти мөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу механизмин кирсин деген сунушту берип жатабыз»,-деди Нурдин Дүйшөнбеков.

Кошумчалай кетсек, Конституциянын жаңы долбоору 2020-жылдын 17-ноябрында 80 депутат тарабынан демилгеленип, парламенттин сайтына илинген. Ал коомчулукта талкуу жаратып, кийин Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кайра иштелген Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган.

Количество просмотров: 297