• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Ювентус» клубунун оюнчусу коронавирус жуктурду

12 Жалган куран 2020 10:24 Бишкек Govori.TV

Италиянын Турин шаарынын «Ювентус» клубунун коргоочусу Даниэле Ругани коронавирус жуктурду. Бул анын тапшырган анализинин жыйынтыгынан кийин белгилүү болгонун италиялык клуб сайтында жарыялады.

«РИА Новости» басылмасынын маалыматы боюнча, учурда футболчунун оорусу белгилери жок болуп жатат. «Ювентус» тиешелүү закон боюнча Руганини изоляцияга алуу чараларын көрүп, мындан сырткары акыркы жолу байланышкан адамдардын өздүгүн аныктоодо.

Мурдагы сезондо 25 жаштагы Ругани «Ювентус» клубу үчүн 7 оюн өткөргөн.

Ал эми Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте коронавирустун тарашына байланыштуу жаңы чараларды киргизүү тууралуу билдирген. Тактап айтканда, биринчи керектелүүчү буюмдар сатылуучу дүкөндөрдөн башка бардык соода жүргүзүүнү токтотуу болгон.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирусту 12 миң адам жуктуруп, 827 адам каза болуп, 1045 адам айыккан.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 87