• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өз апасын өлтүрүүгө аракет кылган деп 44 жаштагы адам кармалды

12 Үчтүн айы 202612:01 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда өз энесин уруп-сабап, кыйноого шектелген жаран кармалды.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, 29-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Полтавка айылынын 40 жаштагы тургуну 44 жаштагы Ж.С. аттуу агасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызында 29-декабрга караган түнү агасы өз үйүндө 75 жаштагы энесин уктап жаткан учурда жаздык менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганын, ал учурда денесине бир нече жолу сокку урганын жазган.

Аталган факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн жубайы менен кат алышуулары текшерилип, анда энесин өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган. Ж.С. шектүү катары кармалып, райондук соттун чечими менен эки айга камалды», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 130