• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өз атасы тарабынан зордукталган кызды гинекологдор текшерип жатат

4 Бирдин айы 2019 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV

Өзгөндө атасы тарабынан зордукталган кызды гинекологдор текшерип жатат. Бул тууралуу «Ак Жүрөк» кризистик борборунун директору Дарика Асилбекова билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 14 жаштагы өспүрүм кыз тамга тааныбайт.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабырлануучунун 6 айлык боюнда бар. Учурда гинеколог менен психологдор иштеп жатышат. Кыздын улуу агалары бар экен, айтымында алар кызга тийген эмес. Бирок, атасы зордуктап жүргөнүн уулдары билген. Жабырлануучу сабатсыз, бирок мектепке барганын айтууда», -деди Дарика Асилбекова.

Эске салсак, Өзгөндө милиция үйлөрдү кыдырып жүрүп кош бойлуу кызды аныкташкан. Маалыматка ылайык, аны өз атасы зордуктап койгон. Шектүүнүн психикалык жактан жабыркай турганы айтылууда.

Теги:
Количество просмотров: 62