• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

«Өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана Ак үйгө келет». Депутат Жапаровду сындады

6 Тогуздун айы 2022 13:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максүтовдү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, ал эми Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына дайындоого макулдук берүүдө талаш жаралды. Айрым депутаттар талапкерлерди тааныштырууга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү же орун басарларынын бири келсин деп сунуш беришти.

Жыйын учурунда депутат Аида Исатбек кызы сөз сүйлөп, Акылбек Жапаров өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана Ак үйгө келе турганын айтып, сынга алды.

“Баарыбызга белгилүү болгондой Акылбек Үсөнбекович өзүнүн кызыкчылыгы гана болгондо таң атпай саат сегизден баштап кечке чейин ушу Ак үйдө жүрөт. Кечээ Акылбек Үсөнбекович баш болуп, Курманкул Зулушев төш болуп төраганы шайлоо алдында бул жерде жүрүштү. Бүгүн төрт министрди шайлаганы келгенде же биздин суроолор болгондо, биз чакырганда такыр келишпейт. Мындан улам мен дагы Акылбек Усөнбековичтин келишин талап кылат элем”, — деди ал.

Количество просмотров: 1924