• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өз жээнин зордуктап жүргөн 52 жаштагы эргул кармалды

16 Тогуздун айы 20249:36 Бишкек Govori.TV

Ноокен РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 52 жаштагы тургуну Б.К. өзүнүн М.А. аттуу жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты 12-октябрь күнү Ноокен РИИБнин тергөө кызматы тарабынан, маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, ошол эле күнү Кылмыш жаза кодексинин 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.А. аттуу өспүрүм өз көрсөтмөсүндө 2022-жылдан тарта таякеси Б.К. анын дене мүчөлөрүнөн кармалап, мас абалда келген учурда мажбурлап жыныстык кумарын кандырып жүргөндүгүн билдирген.

Ал эми Б.К. көрсөтмөсүндө жээни М.А. өзүнүн муктаждыктары үчүн акчалай жардам сурап, ал үчүн кумарын кандырып берүүнү сунуштап, 2023-жылдын сентябрь айында бир ирет жана 2024-жылдын март айында дагы бир ирет жыныстык кумарын кандыргандыгын билдирген.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 13-октябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 52 жаштагы Б.К. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-беренесинин негизинде Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

14-октябрь күнү Ноокен райондук соту тарабынан шектүү Б.К. кармалгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, эки айга камакка алынган.

Количество просмотров: 648