Өзбек ашпозчулары Москвада рекорд жаратты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан басылмасы жазды.
Маалым болгондой, Өзбекстандын ашпозчулары Москвада өткөн «Тюбетейка» аттуу маданий фестивалда лагман жасап, Россиянын рекорддор китебине кирген. Иш-чарага конок катары Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов, музыкант Ухтам Хакимов, «На-На» тобунун продюсери Бари Алибасов жана башкалар чакырылган.
Рекорддорду каттоо боюнча агенттик даярдалган лагмандын салмагы 797 килограмм 750 грамм деп расмий катталганын жарыялаган. Натыйжада алар буга чейин казак ашпозчулары жасаган рекорддон ашып түшкөнү белгилүү болгон.