Өзбекстанда Кыргызстандагы жогорку окуу жайдын студенти кылуу убадасы менен 5000 доллар алып жаткан шектүү кармалды. Колго түшүрүү операциясы Ташкент облусундагы Алмалык шаарында болгон.

Шектүү З.Ю. Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине Ш.Х. аттуу
абитуриентти киргизмек. Алдамчылык беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Шектүү мурда алдамчылык менен сот жообуна тартылганы белгилүү болду.