• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өзбекстанда мечиттерде уурулук кылган киши 7 жылга соттолду

2 Тогуздун айы 2020 18:40 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме кылып билдиргендей, шектүү Кашкадарыя облусуна караштуу Карши шаарындагы “Нава” мечитинде уурулук жасап жаткан учурда кармалган.

Маалыматка караганда, анжияндык тургун 2019-жылы жайында Ташкент, Самарканд, Жизак жана Фергана облустарында мечиттерге келген кишилерин мобилдик телефондорун, капчык жана документтерин уурдаган.

Тергөө учурунда ууру мурда беш жылга соттолуп чыкканы аныкталды.

Карши шаардык соту аны Кылмыш кодексинин “Уурулук” беренеси боюнча 7 жылга эркинен ажыратты.

Количество просмотров: 76