• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды

24 Бирдин айы 2018 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.02.2018.Govori.TV.

Ташкентте Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды.

22-февралда Көзөмөл органынын кызматкерлеринин бири мурдагы баш прокурор мекеменин башкы имаратында суракка алынып жатканын билдирген. Анын айтымында, Кадыров менен бирге прокуратуранын мурдагы жогорку кызматтагы эки кызматкери дагы кармалган.

Маалыматка караганда, Кадыров «мамлекеттик мүлктү ээлеп алган» жана «чет өлкөлүк банктар аркылуу акчанын изин жашырган» деп айыпталууда.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган Рашид Кадыров кызматтан 2015-жылы апрелде алынган.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр августта видеоселектордук жыйын маалында өлкөнүн прокуратурасын сынга алып, мекеменин кызматкерлерин «эң башкы уурулар» деп атаган.

Количество просмотров: 35