• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Зере Асылбек кызынын «Кыз»аттуу ыры коомдо кызуу талкууланып, кайчы пикир жаратууда

18 Аяк оона 2018 12:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.09.2018. Govori.TV
Учурда коомчулукта катуу талкууланып жаткан Зере Асылбек кызы деген  жаш ырчынын «Кыз» аттуу ыры кайчы пикир жаратып, талаш-тартышты жаратып жаткан чагы.
 Аталган ырдын жана клиптин маанисин аткаруучу Зере Асылбек төмөндөгүчө түшүндүргөн.
“Чыгарманын мазмуну азыркы коомдо аялдардын теңдүүлүгүнө жана ээн эркин өзү каалагандай жүрүүгө укуктуу экенине үндөйт,”- деп билдирет.
Ал ырчыны ыйрымдары колдоп жатса, айрымдары ырдын мазмунун жана образын маанилүү экенин айтышат. Бирок каршы пикирлерин билдиргендер дагы көп.
Эске салсак, буга чейин дагы Зеренин атасы кызынын ырдагынын жана клиптин мазмунун колдогонун жазган. Бирок, коомдо ар түрлүү тала-тартыш пикир жаралып, айрымдары атасына нааразычылыгын билдиришкен. Кечээ дагы жаш ырчынын атасы Асылбек Жоодарбеков өз оюн төмөндөгүчө жазган.
“Үч күндөн бери ар тараптан колдоо көрсөтүп, өз пикирин билдирген досторума, замандаштарыма терең ыраазычылык билдиремин. Ааламдагы түркүн -түстөр сымал ар түрдүүлүгүбүз, ар башка дүйнө таанымыбыз менен уникалдуубуз. Кайсы бир философтун «Менден башкача ойлонгон, жашаган адамды терең урматтайм, ал менден өзгөчөлөнүү менен дүйнө таанымымды даг ыбайытат,» -дегени бар.
Ашынган улутчулдар менен ашыкча диндарларга кыска жооп: Мен үчүн негизги баалуулук бул — адам. Адамдын баалуулугун динден, салттан, улуттан, достуктан, керек болсо тууганчылыктан дагы жогору коем. Адам бололу!-деп социалдык баракчасына өз оюн билдирген.
Аталган клип YouTube каналына 13-сентябрда жүктөлгөн. Клиптин чыккан күндөн тарта көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө.

 

Количество просмотров: 27