• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзгөн районунда жолдон өтүп бараткан аялды жеңил унаа өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен  

3 Тогуздун айы 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.10.2018. Govori.TV
Ош облусунун Өзгөн районунда жолдон өтүп бараткан аялды жеңил унаа өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-октябрда, саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 632-чакырымында, тактап айтканда, Куршаб айылынын чыга беришинде катталган.
«Кырсыктан 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү аял каза болду. Унаа аны жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, шектүү айдоочуну кармашкан. Ал 47 жаштагы Өзгөн районунун тургуну экени аныкталды. Айдоочу аялды Toyota Harrier үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган», — деди маалымат катчы.
Учурда айдоочунун баш коргоо чарасы каралып, унаасы айып аянтына токтотулган. Азырынча маркум аялдын аты-жөнү тактала электигин басма сөз кызматкери кошумчалады.
Количество просмотров: 23