• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өзгөндө дээрлик жарым миллиард сомдук базар мамлекетке кайтарылды

4 Жалган куран 202414:43 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттинин базар баасы 470 млн.сомду түзөт.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 674