• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өзгөндө жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 1 жаран каза болду

16 Баш оона 2018 15:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.08.2018. Govori.TV
Ош облусунун Өзгөн районунда жүк ташыган унаа оодарылып, анын кесепетинен 21 жаштагы жаран каза болду.
Кырсык тууралуу 16-августта Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Жол кырсыгы, 16-августка караган түнү 01:10 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында болгон.
«Дөң-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну А.Н. Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасын Мырзаке айылы тарапты көздөй башкарып бара жаткан.
Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 17-чакырымына жеткенде айдоочу башкаруусун жоготуп, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жол апаатынын айынан, унаада бара жаткан 21 жаштагы Мырзаке айылынын тургуну Д.А. окуя болгон жерден каза болгон. Ошондой эле 17,18,19 жаштагы жүргүнчүлөр дагы денесинен түрдүү жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген.
«Ал эми айдоочунун абалы канаттандырарлык. Бул боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деди маалымат катчы.
Количество просмотров: 27