• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларга лицения берүүдө маселелер жаралууда

31 Үчтүн айы 2019 12:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.2019.Govori.TV.

Жаңы кирген мыйзамдарга ылайык фураларга лицензия берүүгө атайы коюлган тарифтер такталбай калган. Ушундан улам мындай бир вакумга туш болдук. Мындай оюн КРдин соода өнөр жай палатасынын алдындагы транспорт комитетинин төрагасы Мааткерим уулу Таланбек «Аkipress» маалымат агенттигинде болгон маалымат жыйынында айтты.

» 1-январда күчүнө кирген Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексте жүргүнчү жана жүк ташыган ишканаларга, айдоочуларга лицензия берүүнүн баасы жазылган эмес. Ушундан улам Транспорт жана жол министрлиги жогорудагы фирмаларга уруксат документин бере албай жатат. Бир ай болуп калды биз эч кандай кыймыл кыла албай калдык. Транспорт министрлигине кайрылганыбызда алардын да буту колу байланууда экенин тушүндүк. Бул маселени жогорку кеңеш карап, өкмөт бекитип берилиши керек экен а бирок, бул маселе ошол жерде ачылган бойдон турат, качан бул маселе каралып качан чечилет белгисиз болууда»,- деди ал.

Бул маселени эртелеп чечип жана берилсе жакшы болмоктугун кошумчалап өттү. Эгер азыр чечилбесе бир айдын ичинде 1500ге жеткен унаалар даагы көбөйөөрү белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол министрлиги эски мыйзамдарга ылайык башка өлкөлөргө жүргүнчү жана жүк ташуу үчүн айдоочуларга, жеке компанияларга 500 сомдон 1000 сомго чейин лицензия берип келген. Ар кандай ассоциациялардын маалыматы боюнча 100 дөн ашуун эл аралык жүк ташуучу фирма бар.

Количество просмотров: 16