• Жума 23 Чын куран 2021

Жаңы Конституцияны депутаттар зордоп референдумга жеткирди

12 марта 2021 в 19:30 Бишкек Govori.TV

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде болот. Парламенттин 11-марттагы жыйынында удаасы менен долбоор экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

Мыйзам долбоору 1-окууда каралып жаткан учурда камакта олтурган депутат Дүйшөн Төрөкулов аны колдоп добушун бергени талкуу жараткан эле. Ал эми бул жолу коррупцияга айыпталып  камакта жаткан депутат Төрөкуловду түнү менен СИЗОдон  чыгарып, жыйынга алып келишти.  

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө документ парламентте 10-мартта эле талкууланып бүткөн, бирок добушка коюлган эмес. Спикер Талант Мамытов муну документти парламенттин аппараты добуш берүүгө киргизбегени менен түшүндүргөн.

Депутат Жанар Акаев референдум боюнча долбоорун кабыл алдырууга жакшы аракеттер болгонун айтат.

Президенттин укуктары эбегейсиз кеңейтилген, Конституция эмес эле Ханституция болуп калыптыр, жер төлөөдө жашыруун жазылган, толук тексти коомчулукка чыгарылган жок деген пикирлерди жараткан Баш мыйзамдын жаңы долбооруна демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылганы менен бул долбоордун автору ким деген суроого так жооп берилбей келет.  

Ал эми демилгечилердин бири катары мыйзам долбоорун сүрөп келе жаткан депутат Кыдыралиев бирин-экин гана  каталар кеткенин моюндайт.

Коомчулуктун бир топ терс пикирин жараткан мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрында парламент сайтына чыгарылып, сындардан соң Конституциялык Кеңешмеге иштеп чыгууга өткөрүлгөн. Ал кеңешмени түзүүгө президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытов кол койгон. Серепчилер процедура бузулганын айтышып, кийин мыйзам бузуулар үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп бере турганын эскертип келишет.

Ал эми депутат Акаев өлкөнүн эң башкы документин ууруларча кабыл алуу менен шерменде болдук десе, эл өкүлү Рыскелди Момбеков процесс “зордуктоо” жолу менен кетип жатканын айтат.

Мурунку депутат Исхак Масалиев талаштуу Баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынбай туруп аны референдумга чыгаруу туура эмес деген пикирде.

Ал эми мыйзамдын авторлору айтылган сындарга макул эмес. Алар Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун эки айдан ашык талкуулаганын, бардык сунуш-пикирлер эске алынганын айтып келишет.

Айтылган сындарга, кемчиликтерге карабастан конституциянын жаңы долбооруна жан үрөп, бир нече депутат коргоп, сүрөп келе жатышат.

Кесиптештерине чимкирик болуудан тажаган жоксуңарбы деп собол салган депутат Строкова айланып келип эле баарына Парламент күнөөлүү болуп калат дейт.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун шашылыш кабыл алдырууга ким ашыгып жатканы тууралуу кептер байма-бай айтылууда.

Ал арада Садыр Жапаров менен жолугуп чыккан мурдагы премьер-министр Феликс Кулов өлкө башчы менен учурдагы саясий абал, анын ичинде конституциялык реформа тууралуу сөз болгонун айтты.

Президент конституциялык реформага тиешем жок деп билдирди. Деген менен референдум дайындалды. Эгер Баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынса анын Кыргызстандын өнүгүүсүнө тасир тийгизеби, жоопкерчиликим ким тартат деген суроолор жаралууда.

Количество просмотров: 142