Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбордун бир катар жерине жер өтмөктөрүн курууну пландап жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта берген маалымат жыйынында билдирди.
“Ар бир кесилиш жолдордо унаалар бурулганда жөө жүргүнчүлөр өтүп жол тыгыны пайда болууда. 10-15 жер астындагы өтмөктөрдү каза турган техникалар бар. Мурункудай асфальттын баарын талкалап, казып, жолду жарым жыл жаап коймой жок. Алматыдан көрдүм, жолдун астынан казып кирип аркы жагынан чыгып кетет. Бир нече жер астындагы өтмөктөрдү салышыбыз керек. Мен муну өз планыма киргизип жатам”, — дейт ал.