• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жаңы мода. Аткаминерлер эми отелдерди жана фитнес клубдарды ачып калышты

15 Тогуздун айы 2019 13:15 Бишкек Govori.TV

12-октябрь күнү Ош шаарында беш жылдыздуу Jannat Resort Osh отели ачылды. Ачылышта Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Улугбек Ормонов жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдор кызыл лентаны кесишкен.

Андан тышкары, мейманкананын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышкан. Ал эми Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов уюштуруучуларга ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эл аралык «Sheraton» отелинин ачылышына катышкан. Ал эми 13-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте «Dasmia» фитнес клубунун ачылышында кызыл лента кести. Соңку эки ай ичинде аткаминерлер жеке ишканалардын ачылышында жүрүшкөнү социалдык тармакта да талкууга алынган эле.

Количество просмотров: 146