• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Жаңы жылда жети күндү эс алуу күндөрү катары жарыялоо сунушталды

5 Бештин айы 201813:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.12.2018.Govori.TV.
Жаңы жыл жана май айындагы майрамдарды белгилөө үчүн кыргызстандыктарга кошумча дем алыш сунушталууда. Ага ылайык, 1-январдан 7-январга чейин жана 9-майдан 12сине чейин дем алыш болот. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, министрлик өкмөттүн азыркы «Дем алыш күндөрүн жылдыруу тууралуу» токтомун кайра карап чыкты.
Ага ылайык, 30-31-декабрь жана 1-2-январь майрам болгондуктан иш күнү болбойт. Министрлик 1-январдан 7сине чейин жана 9-майдан 12сине чейин эс алууну сунуштап жатат.
  • 25-февраль дем алыш (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен) 2-январга жылдырылат
  • 8-апрель (7-апрель дем алышка туш келгендиктен) 3-январга жылдырылат
  • 2-сентябрь (31-август дем алышка туш келгендиктен) 4-январга жылдырылат
  • 6-май (5-май дем алышка туш келгендиктен) 10-майга жылдырылат.
Токтом долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга коюлду. Сунуш кабыл алынабы, азырынча белгисиз.
Количество просмотров: 42