Жаңы жылга караган түнү республика боюнча 261 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, наристелердин 133ү бала, 128и кыз.
Бишкек шаарында 67 бала жарык дүйнөгө келди. Алардын арасында бир эгиз бар. Ал эми өлкө боюнча үч эгиз төрөлдү.
Сутка ичинде эң көп төрөлүү Жалал-Абад шаарында катталып, 80 ымыркай жарык дүйнөгө келди.